01.03.25

Өзбекстан жана Түркия туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Эки мамлекет туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюп, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдардын санын үч эсе көбөйтүүнү талкуулашты. Бул тууралуу “mk-turkey” басылмасы жазып чыкты.

Макулдашууга Анкарада Өзбекстандын Экология министри Азиз Абдухакимов. жана Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой кол койду. Документ эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планын камтыйт.

Азиз Абдухакимов: “Биз багыттарды кеңейтип, Өзбекстандын туристтик маршруттарын Түркиянын негизги шаарлары Измир, Мугла, Фетхие, Алания, Адана, Бурса жана башка шаарлар менен байланыштырууну көздөп жатабыз. Бул потенциалды толук ачуу үчүн авиакаттамдардын санын үч эсеге көбөйтүү керек”, – деп белгилеп өттү.

Учурда эки өлкө ортосунда жума сайын 106 каттам аткарылууда. 2023-жылы бул көрсөткүч 62 каттамды, 2022-жылы 20 каттамды, ал эми 2021-жылы  10 каттамды түзгөн.

Тараптар ошондой эле “Миллион + Миллион” программасын ишке киргизүү боюнча макулдашышты. Анын алкагында ар бир өлкөгө миллиондон турист тартуу пландалууда. Мындан тышкары, Өзбекстандагы аэропорттордо, мейманканаларда жана ресторандарда түрк тилиндеги жазуулар пайда болот. Ал эми Түркияда өзбек маданиятына арналган маданий фестивалдар өтөт. Алар ЮНЕСКО уюмунун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген бахши, маком жана лязги бийи сыяктуу өзбек искусствосун даңазалайт.

2024-жылдын декабрь айында, өлкөнүн министрлер кабинети 2025-жылдын күзүндө бирдиктүү санариптик платформаны ишке киргизүү боюнча чечим кабыл алган. Бул платформа аркылуу мейманканаларды брондоо, туристтик операторлор менен экскурсоводдордун кызматын пайдалануу, такси жана унаа ижаралоо, транспорт жана музейлер үчүн билет сатып алуу, ошондой эле эл аралык жана улуттук төлөм системалары аркылуу туристтик кызматтарды төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Өзбекстандын президентинин алдындагы Статистика агенттигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы өлкөгө 8,2 миллиондон ашык турист келген.

https://economist.kg/transport/2025/03/01/uzbiekistan-i-turtsiia-uvielichat-chislo-aviarieisov-v-tri-raza-i-zapustiat-proghrammu-po-privliechieniiu-turistov/