04.03.25

Түркиянын “Lucca Gold Factory” зергерчилик компаниясы, Өзбекстанга инвестиция салууну көздөөдө. Бул тууралуу, Наманган облусунун акимиятынын басма сөз кызматы маалымдады.

3-март күнү Наманган облусунун акими Шавкат Абдураззаков компаниянын башкы директору Ялчын Акин жетектеген делегация менен жолугушту. Жолугушууда чет элдик инвестицияларды тартуу менен биргелешкен зергерчилик өндүрүшүн түзүү маселелери талкууланды. Долбоордун алкагында, “Namangan Gold Factory” ишканасын түзүү пландалып, ага 5 миллион доллар түз инвестиция салынары маалымдалды.

Тараптар, Наманган облусунун зергерчилик өндүрүшү жана экспорту боюнча жогорку потенциалына, ошондой эле “Lucca Gold Factory” компаниясынын бул тармактагы бай тажрыйбасына көңүл бурушту. Түркиялык делегациянын мүчөлөрү жеткиликтүү аянтчалар менен таанышкандан кийин, келечектеги ишкана үчүн эң ылайыктуу жерди аныктамакчы.

https://www.uzdaily.uz/ru/lucca-gold-factory-planiruet-otkryt-iuvelirnoe-predpriiatie-v-uzbekistane/