04.03.25

2025-жылдын 3-март күнү, Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Өзбекстандагы Азербайжандын элчиси Гусейн Гулиев менен жолугушту.

Жолугушууда буга чейин жетишилген макулдашуулардын өз убагында аткарылышы жана эки өлкөнүн ишкерлерин активдүү тартуу менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл мурда макулдашылган долбоорлорго бурулду. Аларга шаар куруу, туризм жана айыл чарба тармактарына багытталган долбоолор болуп эсептелет.

Тараптар учурдагы иштерди тездетүү боюнча комплекстүү милдеттерди талкуулап, жаңы инвестициялык долбоорлорду колдоо үчүн конкреттүү кадамдарды макулдашышты.

Инвестициялык кызматташтыктагы оң динамиканы белгилөө менен Өзбекстанда Азербайжан инвестициясынын катышуусу менен 257 ишкана иштеп жаткандыгы белгиленди. Алардын ичинен 56 биргелешкен ишкана, ал эми 201 ишкана 100% пайыз азербайжандык капиталга таандык.

Бул көрсөткүчтөрдү бир кыйла жогорулатуу мүмкүнчүлүгү зор экендиги айтылып, тараптар Өзбекстан менен Азербайжандын бизнес-коомчулуктары арасында келечектүү долбоорлорду илгерилетүү боюнча пландарды макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар 2025-жылдын биринчи жарымында өтө турган Өзбекстан-Азербайжан өкмөттөр аралык кызматташтык комиссиясынын 14-жыйынын жана башка эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу боюнча өз ара макулдашууга жетишти.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-azerbaidzhan-planiruiut-rasshirenie-investitsionnogo-sotrudnichestva/