09.03.25
Өзбекстанда Кыргызстандын капиталы менен 287 компания ачылып, иштеп жатат. Бул маалымат 2025-жылдын башында, Өзбекстандын Статистика агенттиги тараткан маалыматта көрсөтүлгөн.
Чет элдик капиталга ээ эң көп ишканалар, Кытайдын инвестициялары менен түзүлгөн 3,4 миң ишкана. Андан кийин Орусиянын чакан жана орто бизнеси турат 2,9 миң ишкана. Үчүнчү орунду Түркия 1,8 миң компаниясы менен ээлеген. Ведомствонун маалыматына ылайык, акыркы беш жылда чет элдик капитал менен иштеген ишканалардын саны үч эсеге өскөн.