19.03.25
2025-жылдын 18-мартында Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов венгриялык “OTP Group” компаниясынын делегациясы менен жолугушуп ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышты.
Жолугушууда, Өзбекстан тарапты премьер-министрдин орун басары Жамшид Ходжаев, ал эми венгриялык делегацияны “OTP Green” компаниясынын башкы директору Гергей Покош жетектеди.
Тараптар Өзбекстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы маселелерин, Өзбекстанда чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү чараларын жана өлкөдө чет элдик бизнести колдоо механизмдерин талкуулашты.
Көрүшмө учурунда, эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги саясий диалогу өз ара кызматташуунун динамикалуу өнүгүшүнө шарт түзүп жатканы белгиленди. Мисалы, 2022-жылдын октябрь айында президент Шавкат Мирзиёевдин Венгрияга расмий сапары учурунда жалпы суммасы 1,3 миллиард долларлык келишимдерге кол койгон.
Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү негизинен текстиль продукциясынан, азык-түлүк товарларынан, фармацевтикалык продукциядан, механикалык жана электр жабдууларынан турат.
2024-жылдын 1-октябрына карата, Өзбекстанда венгриялык капиталдын катышуусу менен 12 ишкана иштеп жатат, алардын ичинен 7 биргелешкен ишкана, ал эми 5 ишкана 100% пайызы Венгриянын капиталына таандык.
Жолугушуу учурунда тараптар, Өзбекстандын Сырдарыя облусунда канаттуулар кластерин түзүү боюнча ири долбоорду ишке ашыруунун деталдарын конструктивдүү негизде талкуулашты.
“OTP Group” компаниясы тарабынан ишке ашырып жаткан бул долбоор 130 гектар аянтка сегиз тоок фабрикасын, инкубатор, союу цехи, кайра иштетүүчү цехи, комбикорм заводу, муздаткыч жана административдик имараттарды курууну камтыйт. Фабриканын пландалган өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 16 миллион бройлер тоок жана 120 миң тонна комбикорм өндүрүүнү түзөт.