04.04.25

Түркия менен Өзбекстандын соода-экономикалык мамилелери жогорку деңгээлдеги өсүштү көрсөттү. Мисалы 2016-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 1,2 миллиард доллар  болсо 2024-жылы 3,5 миллиард долларга жетти. Бул өсүшкө 2016-жылдын ноябрь айында, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Самаркандга болгон иш сапары чоң таасирин тийгизген.

Бул жолугушууда эки өлкөнүн президенттери соода жүгүртүүнү баштапкы этапта 5 миллиард долларга, кийинчерээк 10 миллиард долларга жеткирүүнү пландашкан. 2020-жылы соода 2,1 миллиард долларга жеткен, 2023-жылы 3,1 миллиард долларга жеткен. 2024-жылы соода 3,5 миллиард долларга өсүп, коюлган максаттарга жетүү жолунда дагы бир кадам жасалды. Түркия, Өзбекстандын тышкы соодасынын 5% пайыздык үлүшү менен Өзбекстандын алдыңкы төрт өлкөлөрдүн катарындагы эң ири соода өнөктөшү болуп саналат жана өлкөдө түзүлгөн компаниялардын саны боюнча лидерлердин катарына кирет.

Доктор, профессор Нургүл Бекар Түркия менен Өзбекстандын мамилелерин бир туугандык байланыштарга, биргелешкен тарыхка жана маданий биримдикке негизделгендигин баса белгилейт. Анын айтымында, акыркы он жыл ичинде жетишилген стратегиялык өнөктөштүк саясатта, экономиканын ар кандай тармактарында, маданиятта, туризмде, транспортто, коргонуу жана башка тармактарда кызматташууга мүмкүндүк берди.

Түркиялык инвестиция үчүн пайдалуу тармактар

Өзбекстандын ачык саясатты жана рыноктук реформаларды жүргүзүүсү менен Түркиянын инвесторлору текстиль, айыл чарба жана курулуш тармактарында иш алып барууда, бул тармактар кызматташтык үчүн эң келечектүү болуп эсептелет. Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия ушул тармактарда демилгелерди жылдырууда активдүү роль ойноп жатат.

Түрк мамлекеттеринин уюмунун ролу (ТМУ) эки өлкөнү жакындаштырууда маанилүү роль ойнойт. Өзбекстандын 2019-жылы аталган уюмга мүчө болуп киргендиги региондогу өнөктөштүктү күчөттү жана ошол эле учурда аймактагы башка өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө.

https://www.aa.com.tr/ru/%D1%8D%D0