09.04.25

Өзбекстан жана Кыргызстан биргелешип медициналык буюмдарды өндүрүүнү пландап жатышат. Өндүрүш Бишкек эркин экономикалык аймагынын аймагында уюштурулат. Бул тууралуу “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы билдирди.

Долбоор “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги жана  Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясынын жолугушуусунда талкууланды. Өндүрүштүк ишмердүүлүк Өзбекстандык “Санрайд” компаниясы тарабынан уюштурулат, ал эми негизги керектөөчүлөр, Кыргызстандагы медициналык мекемелер  оорукана жана поликлиникалар болот.

 “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду долбоорго инвестиция тартуу жана каржылоо шарттарын иштеп чыгуу боюнча консультациялык колдоо көрсөтөт. Учурда, Өзбекстан менен Кыргызстан саламаттык сактоо тармагында 14 биргелешкен долбоорду ишке ашырып жатат.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-kyrgyzstan-zapustiat-sovmestnoe-proizvodstvo-medizdelii/