16.04.25

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арада эркин соода-өнөр жай аймагын түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев тиешелүү министрликтердин жана аймактык администрация башчыларынын катышуусунда өткөн Анжиян облусун өнүктүрүү боюнча иш жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, жыл сайын Анжиян облусунан Кыргызстанга экспорттун көлөмү 200 миллион долларды түзөт, ал эми эки тараптуу сооданын потенциалы жогорку деңгээлде болууда. Ошого байланыштуу чек арада жайгашкан Кургонтепа же Хожабадда райондорунун бирине эркин экономикалык аймак түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.

“Жооптуу кызматкерлерге ишкерлер менен биргеликте ылайыктуу жер тандоо жана долбоордун планын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын расмий билдирүүсүндө.

Шавкат Мирзиёев “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол долбооруна өзгөчө көңүл бурду. Өзбекстандын лидери билдиргендей, бул маршрут жүктөрдү жеткирүүнүн жолун 1000 километрге кыскартып, убакытты бир жумага кыскартып,  товар ташуунун көлөмүн он эсеге көбөйөт.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү органдарга керектүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, инфраструктураны жаңылоого багытталган иш-аракеттердин программасын сунуштоо тапшырмасы берилди.

https://economist.kg/ekonomika/2025/04/16/uzbiekistan-namierien-sozdat-svobodnuiu-torghovuiu-zonu-na-ghranitsie-s-kr-poruchieniie-mirziieieva/