23.04.25

Өзбекстандын Санариптик технологиялар министри Шерзод Шерматов, жакында Өзбекстанга дайындалган Түркиянын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Уфук Улуташ менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки өлкө ортосунда маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды.

Жолугушуунун алкагында, Өзбекстанда IT жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар, чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар жана келечектеги пландар тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча IT Park Uzbekistan’дын ишмердүүлүгү жана анда жайгашкан жергиликтүү жана чет элдик компаниялардын иши өзгөчө көңүл борборунда болду.

Түркиялык компанияларды Өзбекстанга тартуу жана жаңы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү боюнча демилгелер сунушталды. Өзбек жаштарынын чет тилдерди билүү деңгээли өсүп жаткандыгы, түрк компаниялары менен биргеликте Европа рыногуна кызмат көрсөтүүгө шарт түзөрү белгиленди.

Мындан тышкары, IT компаниялар үчүн каралган салыктык жеңилдиктер, Түркиялык IT компанияларын тартууда Түркиянын элчилигинин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жана киберкоопсуздук менен жасалма интеллект тармактарында биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Элчи Уфук Улуташ Түркиянын IT секторунун өнүгүшүнө чоң маани берерин белгилеп, Өзбекстан делегациясынын Түркияда өтүүчү жылдык “Technofest” иш-чарасына катышуусун сунуштады. Келечекте бул иш-чараны Өзбекстанда өткөрүү мүмкүнчүлүгү да каралды.

Жолугушууда ошондой эле IT стартаптарын колдоо жана Түркия менен Өзбекстандын бул тармактагы тажрыйба алмашуусу маселелери да көтөрүлдү.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-turtsiia-obsudili-razvitie-sotrudnichestva-v-it-sfere/