26.04.25

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин 26-апрель күнү телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

Сүйлөшүү учурунда тараптар эки өлкөнүн достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары тереңдетүү маселелерин кенен талкуулашты. Айрыкча 2024-жылдын августь айында, Азербайжандын президентинин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Экономикалык кызматташтыктын оң натыйжалары канааттануу менен белгиленди. Ушул жылдын башынан бери, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 20 пайызга өскөнү белгилүү болду. Автомобиль куруу, текстиль жана электр техника өнөр жайы, энергетика, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлор активдүү ишке ашырылууда.

Эки элдин достук байланышын чыңдоого көмөктөш болуп жаткан маданий-гуманитардык алмашуунун мазмундуу программасы ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда.
Лидерлер 2025-жылы боло турган жогорку деңгээлдеги иш-чараларга, анын ичинде, Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына, аймактар жана ректорлор форумуна, ошондой эле кеңири маданий иш-чараларга ар тараптуу даярдыктын маанилүүлүгүн белгилешти.

Сүйлөшүү учурунда, регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Түрк мамлекеттер уюму алкагындагы жолугушууларды камтыган көп тараптуу иш-чаралардын графиги да талкууланды.

https://www.uzdaily.uz/ru/prezidenty-uzbekistana-i-azerbaidzhana-obsudili-aktualnye-voprosy-dvustoronnego-sotrudnichestva/