05.05.25
Өзбекстан Түштүк Кореянын “Hyundai Rotem” компаниясынын жогорку ылдамдыктагы поезддери үчүн темир жол курулушун аяктады. “Бухара–Ургенч–Хива” багыты боюнча жаңы линиянын узундугу 465 километрди түзүп, толугу менен электр кубаты менен камсыздалган. Жогорку ылдамдыктагы поезддер 2026-жылы каттай баштайт. Бул тууралуу “Railway Supply” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Шавкат Мирзиёев “Ургенч–Хива” багытындагы жаңы электрлештирилген бөлүгүн текшерип чыгып, бул долбоор өлкөнүн транспорттук системасын модернизациялоодо жана аймактык логистикалык байланыштарга интеграциялоодо маанилүү этап болгонун белгиледи.
“Hyundai Rotem” жана “KORAIL” компаниясынын 2024-жылдын июнь айында түзүлгөн 200 миллион долларлык келишимдин алкагында, Өзбекстанга алты поезд жеткирилет. Ар бир поезд 7 вагондон туруп, 389 жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган жана саатына 250 километр ылдамдыкта жүрө алат. Бул поезддер жалпы 1,200 километр узундуктагы жолдо кызмат көргөзүп, Ташкент менен Хива шаарларын байланыштырмакчы.
Жаңы линия борбор калаа менен байыркы шаардын ортосундагы жолдун убактысын 14 сааттан 7 саат 40 мүнөткө чейин кыскартат. Болжолдоолорго ылайык, жүргүнчүлөрдүн саны жылына 1 миллиондон 3 миллионго чейин көбөйөт, ал эми жүктөрдү ташуу көлөмү 1 миллиондон 6 миллион тоннага чейин жетет.
Бул долбоор, Өзбекстандын Борбор Азиядагы логистикалык жана туристтик борборго айлануу стратегиясынын алкагында ишке ашырылып жатат.