20.05.25
Өзбекстан жана Венгрия мал чарбасын өнүктүрүү багытында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Венгрияга расмий сапарынын алкагында, Өзбекстандын Айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов Будапешт шаарына келген. Венгрияда эки өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган маанилүү жолугушуу болуп өттү.
Көрүшмөдө Венгриянын мал чарбасы боюнча алдыңкы “Hunland Group” компаниясы менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап заманбап мал чарба комплекстерин түзүү жана ишке киргизүү, дыйкан чарбаларынын генетикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу аркылуу сүт жана эт өндүрүшүн арттыруу, ошондой эле бул долбоорду Каракалпакстан Республикасында ишке ашыруу боюнча демилгелерин сунуштады.
Венгриялык өнөктөштөр, Өзбекстандагы инвестициялык климатты жогору баалап, учурда пайдаланылбай турган мал чарба объектилерине, зарыл болгон инфраструктурага жана колдонулуп жаткан мыйзамдарга кызыгуу көрсөтүштү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу багыттар боюнча кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүүгө жана тиешелүү техникалык-экономикалык документтерди даярдоону макулдашышты.
“Hunland Group” компаниясы сүт жана эт багытындагы мал чарбасына байланышкан эл аралык ири долбоорлорду жүзөгө ашырууда 30 жылдан ашуун тажрыйбага ээ. Компания жыл сайын болжол менен 4 800 тонна эт жана 62 000 тонна сүт азыктарын өндүрүп, 350 миңден ашык бодо мал багат. Учурда компания Европа өлкөлөрү Словакия, Румыния, Греция, Сербия жана Хорватия менен кызматташат.
Айыл чарба тармагындагы кыматташуу, эки өлкөнүн соода-экономикалык алакаларын чыңдап, Өзбекстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, заманбап мал чарба инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө да өбөлгө болот.
https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-vengriia-ukrepliaiut-sotrudnichestvo-v-zhivotnovodstve/