21.06.25
2025-жылдын 20-июнь күнү Баку шаарында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов, Азербайжан менен эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү жана бекемдөө максатындагы бир катар иш-чараларга катышты.
Программанын негизги иш-чарасы Өзбекстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтык боюнча, Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 14-жыйыны болду. Жыйынды Лазиз Кудратов жана Азербайжандын Экономика министри Микаил Джаббаров жетектешти.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода, өнөр жай кооперациясы, транспорт, айыл чарба жана продукцияны кайра иштетүү багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Өзгөчө көңүл Түрк мамлекеттеринин форуму жана көргөзмөсүнө Өзбекстан делегациясынын катышуусуна бурулду.
Көргөзмөгө “Made in Uzbekistan” бренди менен элүүдөн ашуун Өзбекстандын ишканасы өз продукциясын көрсөттү. Жыл башынан бери эки тараптуу сооданын көлөмү 40 пайызга өскөнү белгиленди. Бул өз ара кызматташуунун жогорку деңгээлин айгинелейт.
Тараптар турак жай курулушу жана туризмден тартып, логистикалык борбор, пахта жана сүт кластерлерин түзүүгө чейинки биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылып жаткандыгын оң баалашты. “Азербайжан-Өзбекстан” инвестициялык компаниясы 360 миллион доллардан ашкан 15 долбоорду каржылоого катышып, активдүү иш жүргүзүп келет.
Жыйындын жыйынтыгында, товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы, 2025–2026-жылдарга карата өнөр жай кооперациясы боюнча Программа кабыл алынып, өз ара соода миссияларынын графиги макулдашылды. Ошондой эле Баку жана Ташкент шаарларында соода үйлөрүн жана шоу-румдарды түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.