02.07.25
Өзбекстан жана Азербайжандын биргелешкен долбоорлорунун портфели 4 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу “Report” агенттиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин билдирүүсүнө таянып кабарлады.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2-июлда Баку шаарында, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу жана эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйыны болуп өттү.
Президенттер Өзбекстан-Азербайжан мамилелерин андан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктү жана практикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн өнөр жай, энергетика, транспорт, айыл чарба, туризм, банк тармагы жана башка багыттарда кызматташууну чыңдоо түздү.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: “Тарыхта биздин мамилелер азыркыдай эң жогорку деңгээлге жеткен учур болгон эмес”, — деп баса белгилеп өттү.
Ал бул сапардын өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына туура келгенин эске салды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында соода-экономикалык кызматташууда чоң прогресс болгондугу белгиленди. Мисалы, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 25% пайызга өстү. Азыркы учурда Азербайжанда жана Өзбекстанда 300 жакын биргелешкен ишкана иш алып барууда. Тараптар товар жүгүртүүнүн жана инвестициянын көлөмүн жылына 1 миллиард долларга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Эки өлкөнүн лидерлери ишкерлер кеңеши жана өнөр жай-экономикалык аймактар форуму сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын колдошту. Ошондой эле биргелешкен инвестициялык компаниянын ишмердүүлүгүн кеңейтүү идеясын дагы колдошту.
Президенттер транспорттук кызматташуу жана Орто коридорду өнүктүрүүгө катышуу маселелерин белгилешти. Өзгөчө Өзбекстандын жүктөрүн бул багыт боюнча ташуу 25% пайызга өсүп, 1 миллион тоннадан ашкандыгы айтылды. 2025-жылдын март айынан тарта тараптар жүк ташууда электрондук уруксат кагаздарына өтүшкөн.
Ошондой эле Өзбекстандын электр энергиясын Европага экспорттоо пландары талкууланды жана дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата маданий иш-чаралар макулдашылды. Көрүшмөнүн соңунда жетишилген келишимдерди өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн “Жол картасын” кабыл алуу чечими кабыл алынды.