28.08.2025

Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстан туруктуу соода-логистика чынжырларын өнүктүрүүнү жана биргелешкен товар бөлүштүрүүчү борборлордун тармагын түзүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов 22-августта Авазе шаарында өткөн “Түркмөнстан–Азербайжан–Өзбекстан” үч тараптуу жолугушуусу учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, акыркы жылдары Өзбекстандын Түркмөнстан жана Азербайжан менен экономикалык кызматташтыгы активдүү өнүгүүдө. Эки өлкө менен болгон соода жүгүртүүнүн көлөмү эки эседен ашык өскөн. Соода жүгүртүүнүн болжол менен 40% пайызын өнөр жай товарлары түзөт, бул болсо экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жаңы деңгээлге чыкканын тастыктайт.

Жыйында соода кызматташтыгын жана өнөр жай кооперациясын тереңдетүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Үч өлкөнүн соода министрликтери туруктуу соода-логистика чынжырларын түзүүгө багытталган комплекстүү иш-аракеттер планын даярдашат.

Бул план товар бөлүштүрүүчү борборлордун тармагын түзүүнү, продукцияны үч өлкөнүн базарларына жеткирүүнү жеңилдетүүнү, фитосанитардык жана карантиндик талаптарды бирдей болушун, товарларга санариптик маркалоону киргизүүнү, ошондой эле электрондук коммерцияны жана ишкерлер ортосундагы түз аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүүнү карайт.

Мындан тышкары, Түркмөнстан, Азербайжан жана Өзбекстан биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча да макулдашышты.

https://business.com.tm/post/14196/turkmenistan-azerbaijan-uzbekistan-to-establish-network-of-wholesale-distribution-centers