02.09.25
Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров, Түркиядан келген инвесторлор менен жолугушуп, айыл чарба жана туризм тармагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
“Orca Global” компаниясынын негиздөөчүсү Фергана малинасын, анар жана башка жемиштерди, Түркияга жана Европанын өлкөлөрүнө экспорттоо пландарын жана агрардык тармактагы долбоорлору тууралуу кенен маалымат берди. Жолугушуу учурунда, бул багыттар боюнча биргеликте иш алып баруу жөнүндө алдын ала макулдашууга жетишилди.
Мындан тышкары, Фергана облусунун акими Түркиянын премиум мейманканаларынын тармагы болгон “Eser Hotels” компаниясынын жетекчиси Эртан Халдун менен Өзбекстандын Кокон шаарында “Eser Hotels” бренди астында мейманкана долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулады.
Түркиялык инвестор жаштар үчүн мейманкана иши боюнча окуу сабактарын жана практикалык тренингдерди уюштурууну пландап жатканын билдирди. Ошондой эле тараптар, Түркиялык туристтерди аймакка тартуу маселелерин да талкуулашты.
Фергана облусунун акими “Eser Hotels” долбоору ишке ашырылгандан кийин облуска башка эл аралык мейманкана тармактарынын да көңүлү буруларына ишене тургандыгын билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар сунушталган демилгелердин негизинде кызматташууну жандандырууну макулдашышты.