28.08.25

Өзбекстанда Каспий деңизи аркылуу товар ташуу үчүн Түркмөнстандан кеме сатып алуу мүмкүнчүлүгү караштырууда.

Түркмөнстандын кеме куруучу заводунан кеме сатып алуу маселесин Өзбекстан тарап азыртан эле талкуулап жатканын, Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов. “Өзбекстан 24” телеканалына берген маегинде билдирген. Бул тууралуу “gazeta.uz” маалымат кызматы жазды.

Илхом Махкамовдун айтымында, Өзбекстандын өз паромдору жүктөрдү Каспий аркылуу тезирээк өткөрүүгө жана 30–40 күнгө созулган транспорттук тыгындарды азайтууга мүмкүндүк берет. Министр ошондой эле түркмөн кесиптештери менен кеме куруу тармагындагы келишимдер тууралуу маалымат берди. Ал жана Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин төрага орун басары Мемметхан Чакыев кеме курууда кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.

Илхом Махкамов: “Биз макулдаштык  анализ жүргүзөбүз, кемелерди сатып алуу маселесин карайбыз. Бардык техникалык маселелерди чечүү керек, бирок бул документ бизге техникалык жана экономикалык маселелерди эркин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет”, – деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжан ортосундагы үч тараптуу саммиттин жыйынтыгында, транспорттук-логистикалык кызматташуу боюнча бир катар документтерге, анын ичинде меморандумдарга кол коюлган.

https://turkmenportal.com/blog/94039/uzbekistan-planiruet-pokupku-paromov-v-turkmenistane-dlya-perevozok-cherez-kaspiiskoe-more