01.09.25

Өзбекстандын Казакстандагы элчиси Бахтиёр Ибрагимов Казакстандын улуттук компаниясы “КазМунайГаз”  башкармалыгынын төрагасы Асхат Хасенов менен углеводороддук чийки затты казып алуу жана кайра иштетүү багытындагы кызматташууну тереңдетүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Өзбекстандын “Дунё” маалымат агенттиги билдирди.

Жолугушууда негизги көңүл нефть-газ химия тармагын өнүктүрүүгө бурулуп, анын ичинде Өзбекстандын Кашкадарья облусунда биргелешкен өндүрүштү жолго коюу жана долбоордук документацияны иштеп чыгуу маселелери каралды.

Тараптар ошондой эле энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, углеводороддорду казып алуу жана кайра иштетүү жаатында кызматташууну тереңдетүү жөнүндө пикир алышты. Атап айтканда, биргелешкен геологиялык чалгындоо иштеринин тартиби, маалымат алмашуу жана чек арага жакын аймактарда координация жүргүзүү маселелери талкууланды.

Өзбекстан аймагындагы перспективдүү газ жана ммунайдын кендерин биргеликте изилдөөгө даярдык бар экени белгиленди. Бул багытта үзгүлтүксүз жумушчу диалог жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Хасенов менен Ибрагимов ошондой эле полимердик чийки зат өндүрүшүндө кошумча нарк жаратуу, автоунаа өнөр жайы, айыл чарба, текстиль жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин да талкуулашты.

https://report.az/ru/energetika/tashkent-i-astana-namereny-uglublyat-sotrudnichestvo-v-sfere-neftegazodobychi