10.09.25
Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров экологиялык жактан таза жүргүнчү транспортун чыгаруучу, Казакстандын алдыңкы “Falcon Euro Bus” компаниясынын жетекчиси Мурат Адилхонов менен жолугушуу өткөрдү.
Компания электробустарды чыгарууга адистешкен, дүйнөлүк рынокто теңдеши жок жана жогорку европалык коопсуздук, энергияны үнөмдүү пайдаланган жана ыңгайлуулук стандарттарына жооп берген моделдерди сунуштайт. Бардык транспорт каражаттары заманбап башкаруу системалары жана акылдуу мониторинг функциялары менен жабдылган. Мындан тышкары, Борбор Азиянын климаттык шарттарына ылайыкташтырылышган.
Казакстандын Алматы шаарында жайгашкан ишкана жылына 1000 чейин электробус чыгаруу кубаттуулугуна ээ. Азыркы учурда, компаниянын продукциясы Моңголияга, Сауд Аравиясына, Катарга жана Германияга экспорттолот.
Жолугушууда Өзбекстандын Фергана облусунун муктаждыктары үчүн электробустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул үчүн жергиликтүү адистерди Казакстанга жөнөтүү жана сүйлөшүүлөрдү улантуу пландалууда. Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча да макулдашты.