02.10.25

Анкарада Өзбекстандын Жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылуу  министринин орун басары Алишер Муратов жетектеген делегация Түркиянын Эмгек жана социалдык камсыздоо министринин орун басары Фарук Өзчелик жана башка түрк мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар кесиптик окутууну өнүктүрүү, Европалык (EQF) квалификациялык стандарттарына ылайык жоболорду иштеп чыгуу, ошондой эле Түркиянын тажрыйбасына негизделген Квалификацияларды баалоо борборун Ташкент шаарында.  түзүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары Түркиянын Кесиптик квалификацияларды баалоо агенттигинин директору Ашкын Торен менен дагы жолугушуу болуп өттү.

Көрүшмөнүн  негизги багыттары катары, Түркиянын кесиптик стандарттарын Өзбекстанда киргизүү, сертификаттарды өз ара таануу системасын ишке киргизүү жана Өзбек–Түрк Квалификацияларды баалоо борборун биргеликте түзүү маселелери болду. Сапардын алкагында Өзбекстандын делегациясынын өкүлдөрү кесиптик квалификацияларды баалоо боюнча практикалык экзамендерге да катышышты.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-turtsiia-dogovorilis-o-rasshirenii-sotrudnichestva-v-sfere-professionalnykh-kvalifikatsii-i-zaniatosti/