05.10.25
Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Хуррам Тешабаев жана Казакстандын Соода жана интеграция вице-министри Айдар Абилдабековдун жолугушуусу болуп өттү.
Көрүшмө учурунда тараптар кызматташууну кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Аларга электр-техника жана текстиль өнөр жайы, машина куруу, инфраструктуралык курулуш, фармацевтика жана агроөнөр жай комплекси сыяктуу тармактар кирди.
Белгиленгендей, быйылкы жылдын январь–август айлары аралыгында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 15% пайызга өсүп, үч миллиард доллардан ашкан. Ошондой эле тараптар учурдагы келишимдердин аткарылышын карап чыгып, Өзбекстан менен Казакстан ортосундагы товар жүгүртүүнү он миллиард долларга жеткирүү милдеттерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл алдыдагы Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына даярдык көрүү маселесине бурулду.