15.10.25

Өзбекстанга келген туристердин санынын тарыхый көрсөткүчү катталды. Өлкө тарыхында алгачкы жолу келген туристердин саны ар бир айда туруктуу түрдө 1 миллион адамдан ашты.

2025-жылдын январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, республикага 8,6 миллион чет элдик турист келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 112,5 пайызга көпттүк кылат.

Өсүш дээрлик бардык негизги багыттар боюнча байкалууда. 2022-жылдагы пандемиядан кийинки көрсөткүчтөр менен салыштырганда, туристтердин саны төмөнкүдөй көбөйгөн:

  • Улуу Британиядан — 2,6 эсе,
  • Катардан — 6,2 эсе,
  • Америкадан — 3 эсе,
  • Франциядан — 2,9 эсе,
  • Россиядан — 2,1 эсе,
  • Венгриядан — 3,3 эсе,
  • Германиядан — 2,5 эсе,
  • Польшадан — 6,2 эсе.

Ошол эле учурда, 2025-жылы туристтик кызматтардын экспортунун көлөмү да рекорддук деңгээлге жетип, 3,6 миллиард доллардан ашты. Бул жогорку көрсөткүчтөр, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында туризм тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасы болуп саналат. Аталган реформалар өлкөнүн өзгөчө туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ачууну көздөйт.

Ийгиликтин негизги факторлорунун катарына эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, Өзбекстандын туристтик брендин дүйнөлүк медиамайданда илгерилетүү, чет өлкөлөрдө ири роуд-шоуларды өткөрүү жана дүйнөлүк туристтик көргөзмөлөргө активдүү катышуу кирет. Бул иш чаралар, Өзбекстандын эл аралык деңгээлдеги таанымалдуулугун жогорулатып, аны Евразиядагы эң тез өнүгүп жаткан туристтик багыттардын бири катары бекемдөөгө өбөлгө түздү.

https://www.uzdaily.uz/ru/turizm-uzbekistana-demonstriruet-rekordnyi-rost/