20.10.25
20-октябрда Ташкент шаарында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин колдоосу менен Өзбекстан–Казакстан бизнес-форуму башталды.
Бул форум эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоо жана эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, тармактык бирикмелеринин жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн эң ири аянтчалардын бири болуп саналат.
Иш-чарага 100 ашуун министрликтердин, ведомстволордун жана компаниялардын өкүлдөрү катышууда. Катышуучулардын арасында Казакстан менен Өзбекстандын алдыңкы ишканалары бар. Форумдун катышуучуларына Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин орун басары Хуррам Тешабаев кайрылуу жасады.
Хуррам Тешабаев: “Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жана инвестиция көлөмүнүн туруктуу өсүшүн байкап жатабыз. Казакстан Өзбекстандын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Биз бул байланыштарды сактап гана калбастан, өнөр жай, айыл чарба жана логистика тармактарында биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүнү көздөйбүз. Бул форум узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга болгон биздин умтулуубуздун дагы бир далили”, — деп белгилеп өттү.
Тараптардын маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында, Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 3,5 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16% пайызга көбөйгөн. Өзбекстандан экспорт 1,1 миллиард долларга жетип, 7% пайызга өскөн. Азыркы учурда Өзбекстанда 1157 казакстандык ишкана иш жүргүзүп жатат, алардын ичинен 876 толугу менен казак капиталы менен, ал эми 281 биргелешкен ишкана.
Форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, өнөр жай, агрардык сектор, логистика, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланууда. Айрыкча, индустриялык кооперацияны өнүктүрүү, транспорттук коридорлорду кеңейтүү жана сооданы санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Форумдун алкагында G2B жана B2B форматтарында жолугушуулар өтүп, анда бизнес өкүлдөрү конкреттүү долбоорлор менен демилгелерди талкуулашууда. Иш-чара азык-түлүк өндүрүшү, инфраструктуралык курулуш жана агроөнөр жай комплекси тармактарында келишимдерге кол коюу аземи менен жыйынтыкталат. Өзбекстан–Казакстан бизнес-форуму стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодо маанилүү кадам болуп, өз ара инвестициянын өсүшүнө жана эки өлкөнүн экономикалык интеграциясынын мындан ары тереңдешине өбөлгө түзөт.