07.11.2025

Түркиянын Туристтик агенттиктер ассоциациясы жана Өзбекстандын Фергана облусунун өкүлдөрү, туристтик агенттиктеринин жана тиешелүү уюмдардын катышуусунда жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстандын Фергана облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңири тааныштырылып, бул тууралуу Фергана облусунун акиминин орун басары Нуриддин Мамаджонов маалымат берди.

Түркиялык туристтердин Ферганага агымын көбөйтүү максатында катышуучулар аймакты таанытуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана туризм тармагындагы кесиптик билим берүү мекемелеринин ортосунда кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Түркиянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (TÜRSAB) вице-президенти Давут Гюнайдын бул демилгелерди колдоп, биргелешкен иш-аракеттер планын даярдоого макул болду.

Алгачкы кадамдардын катарында ноябрь айынын аягында, Стамбул жана Анкара шаарларында Өзбекстандык туроператорлор үчүн презентациялар өткөрүү, ал эми декабрь айында, Түркиянын алдыңкы туроператорлору үчүн Фергана облусуна маалыматтык тур уюштуруу пландалууда.

Мындан тышкары, кызматташуунун алкагында Фергананын  «Dilrabo Travel» компаниясы менен Түркиянын «Tumbalu» компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлуп, биргелешкен туристтик долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу иштери башталды.

https://www.uzdaily.uz/ru/fergana-i-turtsiia-dogovorilis-o-sovmestnykh-turisticheskikh-proektakh/