11.11.25
Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлеринин жыйынынын алкагында, Өзбекстандын Айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асель Кененбаева жолугушту. Бул тууралуу Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар айыл чарба тармагындагы эки тараптуу долбоорлордун учурдагы абалын талкуулап, практикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашышты. Сүйлөшүүнүн негизги темалары, суу жана жер ресурстарын рационалдуу пайдалануу, картошка өндүрүүдө кызматташуу, үрөнчүлүк тармагын жаңылоо жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү болду. Өзбекстан айыл чарбасын санариптештирүү боюнча тажрыйбасын “Agroplatforma” жана “Agrosugurta” системалары аркылуу тааныштырды. Кыргыз тарап бул тажрыйбаны колдонууга кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле төмөнкү маселелер талкууланды:
- илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү;
- жаш адистерди алмашуу;
- агрардык билим берүү тутумун модернизациялоо;
- учурдагы долбоорлор боюнча ишчи топтордун ишин жандандыруу.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өзбекстан-Кыргызстан кызматташтыгы айыл чарба тармагында аймактын туруктуу өнүгүүсүндө маанилүү роль ойной турганын белгилешти.


