16.11.25
Ташкенттеги Конгресс борборунда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы менен өткөн саммитке Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстан Президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон жана Азербайжан Президенти Илхам Алиев катышты.
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жыйынды ачып жатып, катышкан мамлекет башчылары, Азербайжанды Орто Азия мамлекет башчыларынын кеңешме жыйыны форматында толук кандуу мүчө катары кабыл алуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.
Бул жыйынды тарыхый саммит катары мүнөздөп, Мирзиёев бул стратегиялык кадам жалпы тарых, бир туугандык, руханий жана маданий байланыштар менен бекем байланышкан элдердин кызыкчылыктарына жооп берерин, ошондой эле Орто Азия менен Түштүк Кавказ ортосунда жаңы кызматташуу мезгили башталарын баса белгиледи.
Мирзиёев, боордош Азербайжандын бул форматка кошулушу кеңешме жыйындарына жаңы дем берерине, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана туруктуу өнүгүү боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенерин белгиледи.
Президент Мирзиёев: “Чынында биз Орто Азия менен Түштүк Кавказдын ортосунда күчтүү көпүрө түзүп, жалпы кызматташтык мейкиндигинин калыптанышына жол ачып жатабыз. Бул, шексиз, эки региондун стратегиялык байланышын жана туруктуулугун бекемдейт”, — деп билдирди.
Региондун мындан аркы өнүгүүсүнө токтолуп, Мирзиёев бул жыйын регионалдык интеграциянын жаңы баскычын баштап жатканын билдирди. Ал Орто Азия өлкөлөрү кыска убакыт ичинде диалогдон чыныгы өнөктөштүккө өтүшкөнүн, мунун натыйжасында регионалдык маселелер чечилип, чек аралар ачылып, энергетика, транспорт жана соода тармактарында кызматташтык кеңейгенин айтты.
Татаал жана алдын ала айтууга болбой турган эл аралык саясий шарттарда өз ара түшүнүшүүнүн жана бири-бирине колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп келип:
“Бүгүн биз регионубуздун тарыхый “Жаңы Орто Азия” болуп жаңылануунун алдында турабыз. Кызматташуубуздун институционалдык негизин бекемдеп, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү коркунучтарына каршы бирдиктүү жооп иштеп чыгууну милдет катары коёбуз”, — деп белгилеп өттү.
Мирзиёев кеңешме жыйынынын институционалдык негизин чыңдоо үчүн аны стратегиялык платформа болгон “Орто Азия жамааты” форматына өткөрүүнү, секретариат менен Ак сакалдар кеңешин түзүүнү жана улуттук координаторлордун статусун президенттердин атайын өкүлү деңгээлине көтөрүүнү сунуштады.
Ири инфраструктуралык долбоорлор
Инфраструктура жана транспорт маселелерин да белгилеп, төмөнкү ири долбоорлорду тездетип ишке ашырууга чакырды:
- “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу,
- “Транс-Афган” коридору,
- Транскаспий багытын кеңейтүү.
Ошондой эле Инфраструктураны өнүктүрүү кеңешин түзүүнү сунуштады. Мирзиёев Афганистанды регионалдык энергетикалык жана транспорттук долбоорлорго тартуунун маанилүү экенин айтып өттү. Быйыл өткөрүлгөн Фергана Тынчтык форумун жыл сайын уюштурулуучу эл аралык иш-чарага айландырууну сунуштады.
Ал мындан сырткары, региондогу суу маселелери жана климаттын өзгөрүшү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, 2026–2036-жылдарды Орто Азияда Сууну акылдуу колдонуу боюнча Практикалык иш-аракеттердин он жылдыгы деп жарыялоону жана Регионалдык суу менеджменти борборун түзүүнү сунуш кылды.
Кийинки саммит “Орто Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын кеңешме жыйыны” деген аталышта өтөт
Бүгүн кабыл алынган документтер менен сунуштардын негизинде жалпы, туруктуу, коопсуз жана гүлдөгөн Орто Азияны түзүү максаты коюлганын белгилеген Мирзиёев: “Айрыкча баса белгилегим келет: биздин күч биримдикте. Ийгиликке жеткирген жол достук жана кызматташтык. Урмат-сый, тилектештик жана стратегиялык ыкмаларга таянуу менен бирге аракеттенсек гана асыл максаттарыбызга жете алабыз”, — деп билдирди.
Мирзиёев кийинки саммит “Орто Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын кеңешме жыйыны” деген аталышта өтөрүн маалымдады. Өзбекстан Президенти 2026-жылы “Орто Азия жана Азербайжан” деген жаңы форматта өтө турган мамлекет башчыларынын кеңешме жыйынына төрагалык кылганы үчүн Түркмөнстан Президенти Бердымухамедовду куттуктады. Жыйында лидерлер кийинки саммитти Түркмөнстанда өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышып, жыйындын акырында Орто Азия мамлекет башчыларынын 7-кеңешме жыйынынын Корутунду билдирүүсүнө кол коюшту.


