14.11.25
Өзбекстандын Санариптик технологиялар министри Шерзод Шерматов телекоммуникация жана IT-технологияны ири иштеп чыгуучусу болгон Венгериялык “4iG” компаниясынын жетекчиси Гиллерт Ясай менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, Өзбекстан менен Венгриянын санариптик экономика, IT-аутсорсинг, телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана дата-борборлор боюнча кызматташтыгынын келечеги талкууланды.
Айрыкча Будапешт шаарында өтө турган “Uzbekistan Outsourcing Conference” конференциясынын маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Бул иш-чара Өзбекстандын IT-секторун Европа бизнес коомчулугуна таанытуу үчүн маанилүү аянтча катары каралууда. Жолугушууда тараптар дата-борборлорду куруу, “жашыл” энергияга негизделген инфраструктура түзүү, кадрларды даярдоо жана салык жеңилдиктери боюнча маселелерди да талкуулашты.
“4iG” компаниясынын өкүлдөрү ошондой эле Өзбекстандын инвестициялык климатынын жагымдуулугу, ашыкча энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдалануу жана жасалма интеллектти өнүктүрүүдөгү дата-борборлордун ролу боюнча пикир алмашышты. Жыйынтыгында тараптар кызматташууну кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана европалык компанияларды Өзбекстандагы IT-экосистемага тартууга макулдашышты.


