25.11.25
Өзбекстандын “IT Park Uzbekistan” стартаптарды өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча директору Эльёр Максудов жетектеген өкүлдөрү, Түркиянын “Aktif Bank”, “UPT” жана “Aktif Tech” компанияларынын мүчөлөрүнөн турган делегациясы менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.
Түркиялык делегациянын курамында “UPT” компаниясынын башкы директору Мурат Кастан, “Aktif Bank” банкынын техникалык директору Кадир Өзтүрк, “UPT” компаниясынын эл аралык өнөктөштүктөр боюнча менеджери Мейлис Аманмырадов жана “UPT” компаниясынын Өзбекстандагы өкүлү Азиз Асановдор болду.
Маектешүү учурунда тараптар “Aktif Tech” долбоорлоруна өзбекстандык IT-адистерди тартуу мүмкүнчүлүктөрүн, жергиликтүү стартаптарды банктын экосистемасына интеграциялоо жолдорун жана аймакта финтех чечимдерин өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.
Өзбекстан тараптын өкүлдөрү, Түркиядан келген делегацияга “IT Park Uzbekistan” паркынын ишмердүүлүгү, эл аралык компанияларга берилген жеңилдиктер жана жогорку технологиялык долбоорлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат беришти.
Өзгөчө көңүл өзбекстандык “Mulk Protocol” жана “PayLov” стартаптары менен кызматташууга бурулду. “Mulk Protocol” исламдык финансылык моделге негизделген кыймылсыз мүлк жана бизнес токенизация менен алектенет. “PayLov” стартапы колдонуучуларга акча которуу, кызматтарды төлөө, каржылык башкаруу жана инвестициялар менен иш алып барат. Бул стартаптардын продуктыларын “Aktif” тобунун платформаларына интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү каралды. Эскерте кетсек “Aktif Bank” Түркиядагы эң ири жеке инвестициялык банк болуп эсептелет. Дүйнөнүн эки жүзгө жакын өлкөсүнө эл аралык акча которууларды камсыздайт.
Тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууну, өзбекстандык IT-адистерди жана стартаптарды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн деталдуу анализдөөнү, ошондой эле мындан ары карай кызматташууну тереңдетүүнү макулдашышты.
“IT Park Uzbekistan” паркынын өкүлдөрүнүн айтымында, Түркиялык компания менен кызматташуу өзбекстандык IT-компанияларга эл аралык деңгээлге чыгууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана өлкө адистери үчүн жаңы жумуш орундарын түзөт.


