07.12.25

“Узбекистон темир йуллари” компаниясы жана “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясы дан жана азык-түлүк жүктөрүн ташуу боюнча темир жол кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашышты.

2025-жылдын 7-декабрында, Казакстан жана Өзбекстандын чек арасында жайгашкан “Сарыагаш” станциясында эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушту. Жолугушууга Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов, Айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Юлдашев, “Узбекистон темир йуллари” башкармалыгынын төрагасы Зуфар Нарзуллаев, ошондой эле “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы жана Казакстандын Айыл чарба министри Ермек Кенжеханулы катышты.

Тараптар поезддердин өз ара алмашуусун суткасына 35 жупка чейин көбөйтүүнү макулдашты. Өзбекстан тарабы күн сайын кеминде 10 даана буудай ташыган вагондорду жана 5 даана азык-түлүк салынган жабык вагондорду кабыл алат.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын жана жүктү түшүрүүчү кызматтардын иши дем алыш жана майрам күндөрү да күнү-түнү жүргүзүлөрү каралды.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 11 айында, Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы жалпы жүк ташуу көлөмү 28,5 миллион тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16% пайызга көбөйгөн. Ошол эле учурда дан ташуу 32% пайызга көбөйүп, 5,6 миллион тоннага жетти.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-kazakhstan-uvelichivaiut-zheleznodorozhnye-perevozki-gruzov/