02.12.25
Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Акрам Алиев 2-декабрь күнү Түркиянын “Türk Telekom” телекоммуникация компаниясынын башкы директору Эбубекир Шахин менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүү учурунда тараптар акыркы жылдары, Өзбекстан жана Түркия ортосундагы кызматташтык жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлгөнүн, ошондой эле экономикалык, инвестициялык жана технологиялык байланыштар туруктуу кеңейип жатканын белгилешти.
Айрыкча биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү, телекоммуникация рыногунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана алдыңкы технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында, өлкөлөр ортосундагы технологиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана практикалык демилгелерди ишке ашырууга багытталган активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.
https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-turtsiia-ukrepliaiut-sotrudnichestvo-v-telekommunikatsiiakh/


