16.12.25
Өзбекстандын “Узтемирйулконтейнер” компаниясы 2025-жылы өлкө президентинин темир жол тармагын трансформациялоо боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, Өзбекстандан Европанын өлкөлөрүнө Түркмөнстандын “Түркмөнбашы” порту аркылуу туруктуу контейнердик ташууларды ийгиликтүү уюштурду.
Өзбекстандын президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № Ф-70 “Темир жол тармагындагы трансформациялоо процесстерин тездетүү жөнүндө” тескемесинде Өзбекстандан Түркмөнстандын портторуна, анын ичинде “Түркмөнбашы” портуна блок-поезддердин туруктуу кыймылын жолго коюу боюнча негизги милдеттер аныкталган.
Бул тапшырманы ишке ашыруунун алкагында 2025-жылы “Узтемирйулконтейнер” компаниясы жүктөрдү “Түркмөнбашы” порту аркылуу Европанын өлкөлөрүнө контейнердик ыкма менен ташууну уюштурду. Жалпысынан минералдык жер семирткичтер, калий, карбамид, алюминий жана жез жүктөлгөн 18 блок-поезд жөнөтүлдү.
Тактап айтканда, жыл ичинде Өзбекстандын “Сергели” станциясынан 380 контейнер, “Назарбек” станциясынан 228 контейнер, ал эми “Ассаке” станциясынан 25 контейнер жөнөтүлгөн. Жүктөр Түркия, Азербайжан, Италия, Греция, Болгария, Швейцария жана Европанын башка бир катар өлкөлөрүнө багытталган.
Бул маршрут боюнча блок-поезддерди ишке киргизүү, Өзбекстандын экспорттук потенциалын кеңейтүү, транспорттук-логистикалык тутумду диверсификациялоо жана эл аралык транспорт коридорлорунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.


