- Подробности
24.04.20
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-апрель күнү, коронавирус илдетинин өлкөнүн текстиль өнөр жайына тийгизген терс таасирин азайтуу максатында, атайы жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдиришкен.
- Подробности
21.04.20
Өзбекстандын райондорунда жана шаарларында 2020-жылы, 30 миң даана көп кабаттуу батир үйлөрдү куруу болжолдонууда. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев, 20-апрель күнү болуп өткөн жыйналыш учурунда, курулуш иштерин тездетип, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу, мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
- Подробности
17.04.20
17-апрель күнү, онлайн режиминде өткөн телеконференция учурунда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Ташкент облусуна караштуу Зангиата районунда, “Ташкент Фарма Паркы” («Tashkent Pharma Park») инновациялык илимий-өндүрүштүк фармацевтикалык кластеринин курулуш иштеринин башталгандыгын жарыялады. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматынан билдиришкен.
- Подробности
18.04.20
Түркияда экспортко чыгаруу үчүн өндүрүлгөн товарларды Азербайжан-Казакстан-Түркмөнстан жана Өзбекстанга жеткирүү үчүн 82 вагондон турган 940 метрлик поезд, Түркиянын Карс шаарынан, жолго чыккандыгы маалым болду.
- Подробности
14.04.20
Өзбекстандын Каржы министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк банк (ДБ) менен биргеликте өлкөдө коронавирус (COVID-19) инфекциясын тез арада токтотуунун долбоорун сунушташты деп билдирет, Өзбекстан Республикасынын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы.
- Подробности
10.04.20
Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча курулуп жаткан жаңы клиникалар үчүн медициналык жабдууларды тез арада сатып алууну каржылоого $17 миллион доллар бөлүп берет.
- Подробности
09.04.20
Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына күнү, Өзбекстандан коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен күрөшүү үчүн 18 вагон ун жана медициналык каражаттар камтылган гуманитардык жардам жеткирилди деп билдирет Тажик Телеграф Агенттиги (ТажикТА).
- Подробности
06.04.20
Өзбекстанда өпкөнү жасалма дем алдыруучу жана наркоз менен дем алдыруучу аппараттарын өндүрө баштайт. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
02.04.20
Өзбекстандын “Бухара” мунайды кайра иштетүүчү заводу "Евро-5" стандартындагы дизелдик күйүүчү майын чыгара баштады. Бул тууралуу, Өзбекстандын Телеграф Агенттиги (ӨзТАГ) жазып чыкты.
- Подробности
02.04.20
Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна ун жана медициналык каражаттарды гуманитардык жардам катары жиберди. Бул тууралуу, Turmush маалымат агенттиги жазып чыкты.