17-апрелде Кремлде, Орусия президенти Владимир Путин менен Москвага расмий иш сапары менен келген, Тажикстан башчысы Эмомали Рахмон ортосунда сүйлөшүүлөрү болуп өттү.
"Отурумда эки тараптуу кызматташтыктагы негизги маселелер, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы өз-ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча чаралар, актуалдуу регионалдык көйгөйлөр талкууланды"- деп билдирет, Россия Федерациясынын президентинин расмий сайтында.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:
1.Россия жана Тажикстандын өкмөтү ортосунда Дүйшөмбү, Куляб, Ходжент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларында, орус тилинде билим берүүчү окуу-жайларын куруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо тууралуу макулдашуу.
- Россиянын аймагында убактылуу иш менен камсыздоо максатында, тажик жараандарын уюшулган түрдө алуу тууралуу Россия менен Тажикстан өкмөтү ортосунда макулдашуу.
- Россия жана Тажикстан өкмөтү ортосунда туризм тармагында кызматташтык тууралуу макулдашуу.
- Россия менен Тажикстан өкмөтү ортосунда 2013-жылы 6-февралда тарта макулдашылган Тажикстан Республикасын нефтепродуктулар менен камсыз кылуу тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.
- 2019-2021-жылдарга баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы, Россиянын Ички иштер министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттиктин ортосундагы макулдашуу.
- Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы менен Тажикстан Республикасынын өкмөтүнө караштуу бажы кызматы ортосунда, товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдөгү бажы операцияларын жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүү жөнүндө макулдашуу.
- Россия Илимдер Академиясы менен Тажикстандын илимдер академиясы ортосунда Илимий кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
8.Алюминий өнөр жай тармагында, ВТБ ачык акционердик коому жана "Тажик алюминий компаниясы"мамлекеттик унитардык ишканасы ортосунда кызматташтык келишими.