05.12.19
Тажикстан келерки жылы $402,2 миллион долларга бааланган алюминийди (иштетилбеген түрүн) чет өлкөлөргө сатууну көздөөдө. Мындан тышкары, глинозем (алюминийдин дагы бир түрү) $360,8 миллион долларга сырттан сатып алууну болжолдоодо.
Бул тууралуу, Тажикстан телеграф агенствосу (ТаджикТА) маалымдады.
Мындай пландоо, Тажикстандын 2018-2020-жылга макроэкономикалык абалына болжолдуу баа берүү үчүн түзүлгөн документинде көрсөтүлгөн болучу. Документке ылайык, 2020-жылы сырттан $360,8 миллион долларга 440 миң тонна глинозем сатып алуу каралган. Ал эми, баасы $402,2 миллион долларды түзгөн, 260 миң тонна алюминийди экспортко чыгаруу пландалган эле.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын февраль айында, Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Негматулло Хикматуллозода пресс-конференция берип жатып, Тажикстан 2019-жылы алюминийди өндүрүүнү 1,6 эсеге жогорулата тургандыгын айткан болучу.
Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин, Тажикстанда 149,000 тонна алюминий өндүрүлмөкчү. Өткөн 2018-жылы, өлкө 96,000 тонна алюминий казып алган.
https://tajikta.tj/ru/news/tadzhikistan-v-2020-godu-planiruet-eksportirovat-alyuminiy-na-402-2-mln