14.04.20
Европа Биримдиги (ЕБ) Тажикстанга коронавирус (COVID-19) илдетине каршы (азырынча өлкөдө официалдуу түрдө бул илдет каттала элек) күрөшүү үчүн €48 миллион евро бөлүүгө ниеттенип жатат деп билдирет "Азия Плюс" маалымат агенттиги.
Бул тууралуу, Европа Биримдигинин (ЕБ) Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Джозефсон 13-апрель күнү Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуу учурунда билдирген.
Жолугушууда, Тажикстан менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосундагы көп тараптуу кызматташуу, анын ичинде өлкөдө коронавирустун (COVID-19) жайылышын болтурбоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы маселелери жана келечеги талкууланды.
Эскерте кетсек, Буга чейин, Тажикстанда коронавирус (COVID-19) эпидемиясына каршы гуманитардык жардамдамдарды кабыл алуу үчүн атайын эсеп ачылган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта: «Эсепке келип түшкөн каражаттар, санитардык абалды жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууга, ошондой эле калктын ден-соолугун сактоого жумшалат. Эл аралык уюмдардын, кайрымдуулук фонддордун, жеке адамдардын жана ишкерлердин жардамын кабыл алууга даярбыз» - деп айтылат.