CA-NEWS (TJ) - Келерки жылы Рогун ГЭСинин курулушу үчүн бардык булактардын каржылык көлөмүн 34 млн долларга өстүрүү пландалууда. Үстүбүздөгү жылы бул объекттин курулушуна 533 млн доллар багытталган эле.
"2017-жылы Рогун ГЭСинин куруу боюнча бардык каржылык булактардан 533 миллион доллар корогон. 2018-жылы бул максат үчүн дээрлик 567 млн доллар каралууда", - деп 22-декабрь жума күнү Тажикстандын президенти парламентке жасаган кайрылуусунда билдирди.
Буга чейин, Финансы министрлиги мамлекеттик бюджеттен Рогунду аяктоо үчүн 2017-жылы 215 млн долларга жакын каражат сарпталганын белгилеген. 2016-жылы Рогундун курулушун ишке киргизүү үчүн ушул эле өлчөмдөгү бюджетик каражат сарпталган.
2016-жылдын октябрынан тарта Рогун объектилерин куруу иштери менен италиялык Salini Impregilo компаниясы алектенүүдө. Станциянын биринчи агрегаты 2018-жылдын аягында, ал эми экинчиси 2019-жылы эксплуатацияга берилери күтүүлүдө деп билдирет АП.
Жалпысынан алганда, Рогун ГЭСин бүтүрүү үчүн алдын-ала маалыматтар боюнча, болжол менен 4 миллиард доллар керектелет. Станцияга ар биринин кубаттуулугу 600 MВт алты агрегат орнотуу пландалып жатат.
Станция дамбасынын бийиктиги 335 метрден туруп, дүйнөдөгү эң бийик таш-чопо дамба болмокчу. Бул ГЭС жыл сайын саатына 17 миллиард киловатт электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул Нурек ГЭСинин жылдык иштеп чыгаруусунан бир жарым эсеге көп.