- Подробности
6.03.2021
Тажикстандын түштүгүндө жайгашкан Хатлон облусуна караштуу Джайхун районунда, жаңы агроөнөр жай комплекси ачылды. Бул тууралуу, Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
16.02.21
Учурда Тажикстандын аймагында, Өзбекстандын капиталы менен курулган 51 ишкана катталган. Бул тууралуу, Тажикстандын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Сади Кодирзода 16-февраль күнү, өткөн маалымат жыйынында билдирди.
- Подробности
09.02.21
Тажикстандын Хатлон облусуна караштуу Дангара районунда, Борбордук Азияда эң ири тоок этин өндүрүүчү фабрикасынын курулуш иштери аягына чыгуу алдында турат. Бул тууралуу, Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
03.02.21
Тажикстанда 28 даана мунай жана газдын кени официалдуу түрдө мамлекет тарабынан каттоого алынды. Бул тууралуу, Тажикстандын “Тажикглавгеология” башкармалыгынын төрөагасы Алимахмуд Ализода, шаршемби күнү болуп өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, катталган кендердеги мунайдын запасы 2,2 миллион тонна, ал эми газдын запасы 3,4 миллиард кубометрди түзөт.
- Подробности
04.02.21
Тажикcтан өкмөтү “Түркмөнстан-Афганистан-Тажикстан (ТАТ)” темир жолунун өзүн аймагы аркылуу өткөн бөлүгүн курууга ниеттенүүдө. Долбоорду ишке ашыруу үчүн өлкөгө 128 миллион доллар талап кылынат. Бул тууралуу, Тажикстандын Транспорт министри Азим Иброхим 3-февраль күнү билдирди.
- Подробности
27.01.21
Тажикстан келечекте коңшулаш Афганистанга жогорку чыңалуудагы жаңы электр чубалгыларын куруу менен электр энергиясынын экспортун көбөйтүүнү пландаштырууда. Тажикстандын энергетика тармагынын тараткан маалыматы боюнча, 2021-жылы “Рогун” гидро электро станциясынан (ГЭС) “Сангтуда” көмөкчү чордонуна чейин 500 киловольт кубаттуулуктагы электр чубалгыларынын курулушу башталат. Мындай кадам, Тажикстандын электр энергиясын экспорттоонун мүмкүнчүлүктөрүн арттырат.
- Подробности
22.01.21
Тажикстан жана Иран “Истиклол” туннелинин курулушун аягына чыгаруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул туннель бийик тоолуу Анзоб ашуусунда жайгашкан. Туннель, Тажикстандын борборун өлкөнүн түндүк аймактары менен байланыштырып турат.
- Подробности
20.01.21
Тажикстандын Статистикалык институтунун билдирүүсүнө ылайык, 2020-жылы өлкөгө 62 мамлекеттен 56 миллион долларлык гуманитардык жардам келип түшкөн.
- Подробности
12.01.21
Тажикстандын мамлекеттик бюджетинен 2021-жылы, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 741 миллион сомониден ашуун (65,5 миллион доллар) акча каражатын бөлүүнү пландап жатат. Бул тармак, өлкөнүн ички дүң продуктусунун (ИДП) түзүмүндө алдыңкы орунду ээлейт.
- Подробности
23.12.20
Казакстан Тажикстанга гуманитардык жардам иретинде, жергиликтүү өндүрүштө өндүрүлгөн 100 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппаратын жиберди.