23.12.25

Түркиянын компаниялары, Карабахты калыбына келтирүүгө жалпы суммасы 5 миллиард доллардан ашык акча каражатына бааланган долбоорлорду ишке ашырып, олуттуу салым кошушту. Бул тууралуу Түркиянын Соода министри Өмөр Болат Бакуда өткөн II Азербайжан–Түркия инвестициялык форумунда сүйлөп жатып билдирди.

Министрдин айтымында, акыркы жылдары түрк компаниялары, Азербайжандын экономикасында, айрыкча оккупациядан бошотулган Карабах аймагын калыбына келтирүү процессинде маанилүү роль ойноп келет.

Өмөр Болат белгилегендей, түрк подрядчылары дүйнө жүзү боюнча жалпысынан 12 600 ашуун долбоорду ишке ашырып, алардын жалпы наркы 550 миллиард доллардан ашты. Мунун аркасында алар эл аралык деңгээлде чоң кадыр-баркка жана ийгиликтерге жетишти. Бүгүнкү күнгө чейин түрк компаниялары, Азербайжанда болжол менен 560 ар кандай долбоорду ишке ашырышты.

Министр Карабахтын бошотулушу, Азербайжандын каарман армиясынын ийгиликтери жана шейиттердин жан аябас эрдиги менен мүмкүн болгонун баса белгиледи. Андан кийин түрк компаниялары аймакты калыбына келтирүү иштерине активдүү түрдө кошулганын белгилеп келип: “Карабахтагы калыбына келтирүү иштерине түрк компаниялары жалпы суммасы 5 миллиард доллардан ашкан долбоорлор менен катышууда”, — деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, учурда Азербайжан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосунда Карабахтын өнөр жайын жана айыл чарбасын өнүктүрүү, аймактын экономикасын жандандыруу максатында жаңы инвестицияларды тартуу боюнча тыгыз кызматташтык улантылууда.

Мындан тышкары, Өмөр Болат мамлекет башчыларынын деңгээлинде иш алып барган “Азербайжан–Түркия” биргелешкен экономикалык комиссиясынын ишинин жогорку натыйжалуулугун белгилеп, тиешелүү мекемелер комиссиянын кийинки жыйынына чейин коюлган бардык милдеттерди толук аткарууга ниеттенип жатканын билдирди.

https://vesti.az/ekonomika/omer-bolat-vklad-tureckogo-biznesa-v-vosstanovlenie-karabaxa-prevysil-5-mlrd-dollarov-569912