19.01.25
Түркия 2026-жылы Түркмөнстандан жаратылыш газын импорттоону кайра жандандырып, сатып алуу көлөмдөрүн көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар TRT Haber телеканалына берген маегинде билдирген. Бул тууралуу ишемби күнү “Interfax” кызматы маалымдады.
Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын айтымында, 2026-жыл Түркмөнстан газын импорттоп алуу жана анын көлөмүн акырындап көбөйтүү пландалууда. Алпаслан Байрактар ошондой эле Алжир менен болгон газ боюнча келишимди кайра карап чыгуу жана узартуу, мындан тышкары, газды жеткирүүнүн альтернативдүү булактарын карап чыгуу пландары бар экенин айтты.
2025-жылдын октябрь айында, Түркиянын мамлекеттик мунай-газ “BOTAŞ” компаниясынын башкы директору Абдулвахит Фидан Түркия Түркмөнстан жаратылыш газын узак мөөнөттүү жана ири көлөмдө жеткирүүнү жолго коюуга даяр экенин билдирген.
https://business.com.tm/post/14955/turkiye-plans-to-resume-imports-of-turkmen-gas-in-2026


