11.02.26
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) бажы кызматтарынын жетекчилеринин кезексиз жыйыны 2026-жылдын 10-февралында Женева шаарындагы Улуттар сарайында өттү. Жыйынга (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги бажы өкүлдөрү, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (UNECE) жана Эл аралык автожол ташуучулар союзу (IRU) уюмунун өкүлдөрү катышты.
Ачылыш сөзүндө Башкы катчы жыйындын UNECEнин Глобалдык форумунун жана TIR Административдик комитетинин жыйынынын алкагында өткөрүлүшүнүн стратегиялык маанисин белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдө “eTIR” системасын ишке ашырууга байланыштуу иш-аракеттер планы, 2022-жылы Самаркандда кол коюлган Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридору жөнүндө макулдашуунун аткарылышы жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) аймагында “eCMR” системасын киргизүүгө даярдык маселелери каралды.
“eCMR” пилоттук долбоорун ишке ашырып жаткан атайын жумушчу топтун ишмердүүлүгү жыйындын негизги темаларынын бири болду. Ошондой эле “ePermit”, “eTIR” жана “eCMR” сыяктуу санариптик системаларды колдонгон ташуучуларга чек ара өткөрүү пункттарында артыкчылыктуу өтүү укугун берүү маселеси талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында мүчө мамлекеттер бажы тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө, санариптик транзиттик чечимдерди өнүктүрүүгө жана аймактык интеграцияны күчөтүүгө болгон чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу тастыкташты.
https://turanews.kz/tr/news/turk-devletleri-teskilati-gumruk-baskanlari-cenevrede-toplandi/


