09.03.26

Стамбул шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынынын алкагында 7-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Түркия президенти ТМУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин куттуктап, түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча туруктуу диалог жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилеп, уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан жылуу салам жана жакшы каалоолорун жеткирди. Ал Түркия Кыргызстан үчүн маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш болуп кала берерин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер достукка, өз ара урматтоого жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделип өнүгүп жатканын айтты.

ТИМ башчысы ошондой эле Түркия президентинин аймактык жана глобалдык чыр-чатактарды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга багытталган тынчтык демилгелериндеги ролун жогору баалады. Мындан тышкары, Кулубаев быйыл Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана аймактык, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө кызыкдар экенин тастыкташты.

https://kg.akipress.org/news:2428321/?from=mportal&place=project