07.03.2026

2026-жылдын 7-мартында Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК) бейформал жыйыны өттү. Жыйынга кабыл алуучу тарап катары Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан төрагалык кылды. Жыйынга Жейхун Байрамов, Жээнбек Кулубаев, Бахтиёр Саидов жана Алибек Бакаев катышты. Ошондой эле жыйынга ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана аны коштогон делегация да катышты.

Бейформал жыйынга чейин делегациялар өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди талкуулоо жана уюмдун алкагында координацияны күчөтүү максатында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү.

Жыйын Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидандын ачылыш сөзү менен башталды. Андан соң ТМУнун учурдагы төрагалыгын жүргүзүп жаткан Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов катышуучуларга кайрылуу жасады. Министрлер мүчө мамлекеттердин ортосундагы тыгыз координацияны улантуунун жана уюмдун артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүүнүн маанисин белгилешти.

Жыйында ошондой эле ТМУнун күн тартибиндеги маселелер каралды. Министрлер саясий диалогду бекемдөө, институционалдык кызматташууну өнүктүрүү жана түрк дүйнөсүндөгү интеграцияны тереңдетүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүү боюнча пикир алышты.

Ушул алкакта аймактык жана эл аралык деңгээлде диалогду жана кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган “ТМУ+ форматы аркылуу тышкы тараптар менен кызматташуу жөнүндөгү жобо” кол коюлду. Жыйындын соңунда министрлер Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларга байланыштуу биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Жыйындан кийин катышуучулар, Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан уюштурган ифтар дасторконунда жолугушуп, пикир алышууну улантышты.

ТИМКнын бейформал жыйыны түрк мамлекеттеринин ортосундагы тилектештик, диалог жана кызматташтык рухунун бекемделгенин дагы бир жолу тастыктап, аймактык жана эл аралык өнүгүүлөр боюнча координацияны күчөтүүгө салым кошту.

https://www.turkicstates.org/tr/haber/informal-meeting-of-the-council-of-foreign-ministers-of-the-organization-of-turkic-states-held-in-istanbul