03.06.26

Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз: «Бай жаратылыш ресурстары, жаш калкы жана туруктуу өсүү потенциалы менен Түркмөнстандын стратегиялык мааниси күн өткөн сайын өсүүдө», — деп билдирди. Йылмаз Түркмөнстандын борбору Ашхабат шаарында өткөн Дүйнөлүк түрк ишкердик кеңеши (DTİK)  жыйынына катышты.

Ал өз сөзүндө Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы жалпы тилге, жалпы тарыхка жана жалпы маданиятка негизделген мамилелер мамлекет башчыларынын көрөгөч лидерлигинин аркасында конкреттүү кызматташтыктарга жана туруктуу инвестицияларга айланып жатканын белгиледи.

Жевдет Йылмаз «Бай жаратылыш ресурстары, жаш калкы жана туруктуу өсүү потенциалы менен Түркмөнстандын стратегиялык мааниси күн өткөн сайын өсүүдө», — деп белгилеп, Түркия бул потенциалды өз ара пайдалуу кызматташтыкка айландырууну кааларын айтты.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Түркиядан Түркмөнстанга болжол менен 300 миллион доллар түз инвестиция салынган. Ал эми курулуш тармагында жалпы баасы 56 миллиард долларды түзгөн 1101 долбоор ишке ашырылган.

Жевдет Йылмаз мамлекет менен жеке сектор бир максатты көздөгөн, бири-бирин толуктап турган ажырагыс эки бөлүк экенин белгилеп келип: «Урматтуу президенттерибиз белгилеген 5 миллиард долларлык соода жүгүртүү максатыбыз бар. Өткөн жылы бул көрсөткүч 2,2 миллиард долларга жетти. Биздин максат — мүмкүн болушунча тез арада 5 миллиард долларга жетүү жана андан да чоң максаттарды көздөй жылуу», — деп белгилеп өттү.

Ошондой эле Жевдет Йылмаз Дүйнөлүк түрк ишкердик кеңеши (DTİK) сыяктуу күчтүү аянтчанын алдында, Түркмөнстанда иш жүргүзгөн ишкерлерди бириктирген бул жыйын жалпы көйгөйлөргө биргелешкен чечимдерди табууга жана жаңы кызматташтыктарга жол ачууга өбөлгө болоорун белгиледи.

https://www.aa.com.tr/tr/gundem/cumhurbaskani-yardimcisi-yilmaz-turkmenistanin-stratejik-onemi-her-gecen-gun-artmaktadir/3955653