04.06.26

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Түркиянын Вице-президенти Жевдат Йылмаз менен жолугушту. Бул тууралуу “Watan Habarlary” маалымат кызматы билдирди. Жолугушуудан кийин Жевдет Йылмаз тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана кызматташуунун келечектүү багыттары талкуулангандыгын билдирди.

Өзгөчө көңүл энергетика, транспорт, соода, билим берүү, илим жана технологиялар, ошондой эле маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкка бурулду. Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоого берилгендигин дагы бир жолу ырасташты.

Түркиянын Вице-президенти дүйнөдөгү белгисиздик күчөп жаткан шартта эки мамлекеттин мамилелерин өнүктүрүүнүн маанисин белгилеп, эки өлкөнүн кызматташтыгы түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана тилектештигин бекемдөөгө кызмат кыларын белгилеп өттү.

Маалым болгондой Түркмөнстан жана Tүркия ар түрдүү тармактарга акыркы технологиялык жетишкендиктерди киргизүүгө жана экономикаларын үзгүлтүксүз модернизациялоого багытталган эл аралык кызматташтыкка өзгөчө маани беришет.

Эки өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен тараптар бул багыттагы кызматташууну сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүү маселесин талкуулоонун зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле өнөктөштүк мамилелерди чыңдоодо Түркмөнстан-Түркия өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык комиссиясынын, Ишкерлер кеңешинин жана эки тараптуу көргөзмөлөрдүн маанилүү ролу баса белгиленди.

https://business.com.tm/post/15731/turkmen-president-receives-turkish-vice-president-cevdet-y%C4%B1lmaz