16.06.26
Түркиянын Хатай провинциясында өзбек-түрк достугун чыңдоого жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын символдорун түбөлүккө калтырууга арналган иш-чаралар өттү. Салтанаттын алкагында «Өзбекистон» махалласындагы турак жай комплексинин объектилерине Өзбекстан менен Түркиянын бир туугандык мамилелерин чагылдырган аталыштар ыйгарылды.
Эскерте кетсек 2023-жылдын февраль айында Хатай провинциясында болгон кыйраткыч жер титирөөдөн кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен Өзбекстан жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам көрсөткөн алгачкы өлкөлөрдүн бири болгон. Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча Арсуз районунда 306 батирди камтыган 24 көп кабаттуу турак жай курулган.
Ушул жылдын январь айында, Өзбекстандын президентинин Түркияга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө жаңы турак жайлар ээлерине тапшырылган. Бүгүнкү күндө комплекстин тургундары табигый кырсыктан кийин турак жайларын калыбына келтирүүгө көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
13–14-июнда өткөн иш-чараларга Өзбекстандын делегациясы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш баштаган депутаттар, Хатай провинциясынын жана Арсуз районунун жетекчилиги, ошондой эле башка расмий өкүлдөр катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө комплекстеги объектилерге символикалык аталыштар берилгени белгиленди. Алардын катарында Шавкат Мирзиёев атындагы бульвар, «Өзбекистон» махалласы, Ташкент жана Самарканд көчөлөрү, «Өзбекистон кардошлик паркы» жана Бухара мечити бар.
Өзбек делегациясынын мүчөлөрү турак жай комплексиндеги объектилер жана өткөрүлгөн иш-чаралар менен таанышышты.
Ошондой эле Хатайдын тургундары үчүн өзбек өнөрпоздорунун катышуусунда маданий программалар уюштурулуп, улуттук тамак-аштар сунушталды, Өзбекстандын тарыхына жана маданиятына арналган сүрөт көргөзмөлөрү, ошондой эле элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөлөрү өткөрүлдү. Жергиликтүү тургундар бул демилгелерге жогору баа берип, гуманитардык жардамдын маанисин жана Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымын өзгөчө белгилешти.
https://www.uzdaily.uz/ru/v-khatae-uvekovechili-uzbeksko-turetskuiu-druzhbu/


