13.06.26
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тарыхый Тersane-i Amire кеме куруу жайында өткөн, Түркиянын Жасалма интеллект саммитинде өлкөнүн кийинки беш жылдык өнүгүүсүнө багыт бере турган «2026–2030-жылдарга карата Түркиянын Жасалма интеллект боюнча көз карашы жана иш-аракеттер планы» менен коомчулукту тааныштырды.
Эрдоган жасалма интеллектти бурулуш учур катары мүнөздөп, санариптик мүмкүнчүлүк бүгүнкү күндө аскердик жана саясий күчтү көбөйтүүчү маанилүү фактор экенин баса белгиледи.
Түркиянын «Улуттук технологиялык секирик» (Milli Teknoloji Hamlesi) стратегиясынын алкагында, Өнөр жай жана технологиялар министрлигинин координациясы менен даярдалган жаңы иш-аракеттер планы жасалма интеллектти жөн гана технологиялык инструмент катары эмес, экономикалык жана стратегиялык көз карандысыздыктын маселеси катары карайт.
2021-жылы дүйнөлүк жасалма интеллект индексинде 44-орунда турган Түркия 2024-жылга карата 34-орунга көтөрүлүп, олуттуу прогресске жетишкен. Жаңы мезгилдеги негизги максат жасалма интеллект экосистемасында дүйнөдөгү алдыңкы 20 өлкөнүн, ал эми глобалдык экономикада алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирүү.
Санариптик эгемендүүлүктүн жасалма интеллект экосистемасындагы 5 негизги түркүгү
Президент Эрдоган жарыялаган план Түркиянын жасалма интеллект экосистемасын төмөнкү беш стратегиялык багыттын негизинде өнүктүрүүнү көздөйт:
- Квалификациялуу кадрлар – жергиликтүү адистердин, инженерлердин жана ишкерлердин санын көбөйтүү.
- Жогорку өндүрүмдүү эсептөө инфраструктурасы – чоң маалыматтарды (Big Data) иштете турган технологиялык инфраструктураны жана эсептөө кубаттуулугун кеңейтүү.
- Маалымат экосистемасы жана маалыматтык эгемендүүлүк – маалыматтарды улуттук мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде, коопсуз жана киберкоопсуздук стандарттарына ылайык иштетүү.
- Тармактык колдонмолор – саламаттык сактоо, каржы, билим берүү жана коргонуу өнөр жайы сыяктуу стратегиялык тармактарга жасалма интеллектти толук интеграциялоо.
- Башкаруу механизмдери – мамлекеттик жана жеке секторду бириктирген күчтүү институционалдык түзүмдөрдү түзүү.
«Түркчө чоң тил модели» аркылуу маданий жана технологиялык эгемендүүлүк
Жаңы жол картасынын эң маанилүү багыттарынын бири түрк тилинин жасалма интеллект дүйнөсүндө күчтүү орун алышын камсыз кылуу болуп саналат. Маданий жана технологиялык эгемендүүлүктүн бир бөлүгү катары жүргүзүлүп жаткан «Түркчө чоң тил модели» долбоору стратегиялык мааниге ээ деп бааланууда.
Түркия өзүнүн маалыматтары менен окутулган жана жергиликтүү муктаждыктарга түз жооп бере алган чечимдер аркылуу технологиялык көз карандылыкты минималдаштырууну көздөйт.
Эрдоган: «Санариптик мүмкүнчүлүк – тоскоолдук жаратуучу күч көбөйткүч»
Стамбул шаарындагы, Фатих Султан Мехмет негизин түптөгөн тарыхый Тersane-i Amire комплексинде өткөн саммитте сүйлөгөн Президент Эрдоган дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн тездешине көңүл бурду.
Ал өз сөзүндө мындай деди: «Маалымат коопсуздугу жана киберкоопсуздуктагы эң кичине эле алсыздык кандай оор кесепеттерге алып келерин айланабыздагы согуштар жана кагылышуулар айкын көрсөтүп жатат. Саясий, аскердик жана экономикалык күчтү санариптик эгемендүүлүктөн бөлүп кароо мүмкүн эмес. Санариптик мүмкүнчүлүк бүгүнкү күндө тоскоолдук жаратуучу күч көбөйткүч экенин баарыбыз жакшы билебиз. Түркия бул технологиялык өзгөрүүнү эң эрте байкап, өзүнүн саясаттарын жана иш-аракеттерин ошого жараша калыптандырган сейрек өлкөлөрдүн бири».
20 триллион долларлык рыноктон үлүш алуу максаты
Эл аралык божомолдорго ылайык, жасалма интеллект 2030-жылга чейин дүйнөлүк экономикага кошумча 20 триллион долларлык нарк алып келет.
Түркия бул ири экономикалык мүмкүнчүлүктөн өз үлүшүн алуу үчүн стимулдаштыруу системаларын тармактык жана көлөмдүк негизде кайра түзөт. План алкагында миллиард долларлык жергиликтүү технологиялык компаниялардын (Turcorn) санын көбөйтүү жана мамлекеттик муктаждыктарды жергиликтүү экосистема аркылуу камсыз кылуу колдоого алынат.
Бул процессти административдик жана техникалык жактан натыйжалуу жүргүзүү үчүн жаңы институттар түзүлдү. Атап айтканда, Өнөр жай жана технологиялар министрлигинин алдында «Улуттук технология жана жасалма интеллект боюнча башкы башкармалык», ал эми Президенттик администрациянын алдында «Мамлекеттик жасалма интеллект боюнча башкы башкармалык» түзүлүп, өз ишин баштады.


