08.09.2026

Түркиянын Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттер жана байкоочу өлкөлөр менен жылдык соода жүгүртүүсү 2026-жылдын июль айына карата эсептегенде $27,8 млрдга жетти. Бул тууралуу Anadolu агенттиги Түркиянын Соода министрлигине таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь-июль айларында Түркиянын Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6% пайызга өсүп, $10,1 млрдды түздү. Ал эми байкоочу мамлекеттер  Түркмөнстан, Венгрия жана Түндүк Кипр менен соода жүгүртүү жылдын алгачкы жети айында 5,1% пайызга өсүп, $6,1 млрдга жетти.

2025-жылы Түркиянын Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттер менен тышкы соода жүгүртүүсү $16,9 млрдга жетип, 2002-жылга салыштырмалуу дээрлик 20 эсеге өстү. 2002-жылы бул көрсөткүч $871 млн болгон.

2025-жылы Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) өлкөлөрүнүн ичинен, Түркия менен сооданын эң чоң көлөмү Казакстанга туура келип, $7,8 млрдды түздү. Андан кийин Азербайжан — $4,3 млрд, Өзбекстан — $3,1 млрд жана Кыргызстан — $1,6 млрд көрсөткүчтөрү менен орун алды. Түркиянын байкоочу мамлекеттер менен соода жүгүртүүсү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 6,8% пайызга өсүп, $10 млрдды түздү. Түркиянын Соода министрлигинде белгилешкендей, түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттердин экономикалык интеграциясын тереңдетүүдө жана соода көлөмүн кеңейтүүдө “Орто коридордун” потенциалы маанилүү роль ойнойт.

https://economist.kg/ekonomika/2026/09/08/turtsiya-otg-torgovlya-27-8-mlrd/