10.09.26

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев аймактык «жашыл» долбоорлордун маалымат базасын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 9-сентябрда Астана шаарында өткөн Түрк жашыл каржылоо кеңешинин экинчи жыйынында билдирди. Бул тууралуу ТМУнун басма сөз кызматы маалымдады.

Омуралиевдин айтымында, жыйын түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн «жашыл» жана туруктуу каржылоо жаатындагы жалпы милдеттенмелерин илгерилетүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Ал улуттук жана аймактык деңгээлдеги жетишкендиктерди белгилеп, Кеңешти келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга жана өлчөнө турган натыйжаларга жетишүүгө багытталган туруктуу механизмге айландыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, ТМУнун Башкы катчысы практикалык иш программаларын иштеп чыгууну жана туруктуу, көмүртек зыяндуу заты аз болгон келечекти камсыз кылуу максатында аймактык «жашыл» долбоорлордун маалымат базасын түзүүнү сунуштады.

Жыйын «Astana Finance Days» иш-чарасынын алкагында өтүп, ага ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин финансы каржаттарын жөнгө салуучу органдарынын, экономика жана финансы министрликтеринин, ошондой эле фондулук биржаларынын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар туруктуу каржылоо жаатындагы аймактык кызматташтыкты кеңейтүү, «жашыл» инвестицияларды тартуу, «жашыл» долбоорлордун тизмесин кеңейтүү, тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле капитал рынокторун интеграциялоо маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар Түрк жашыл концепциясынын принциптерине негизделген туруктуу «жашыл» өнүгүүгө берилгендигин ырастаган жана жашыл каржылоо жаатындагы мындан аркы кызматташтыктын багыттарын белгилеген Коммюникеге кол коюшту.

https://centralasia.media/news:2531158/?from=mportal&place=nowread