12.09.26
Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Түркиянын түрк мамлекеттеринин полициялык бирикмеси — TÜRKPOL уюмун түзүү демилгесин оң баалашты. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министри Мустафа Чифтчи Астанада өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин үчүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге билдирди.
Түркиянын министринин айтымында, TÜRKPOL уюмун түзүү түрк мамлекеттеринин ортосунда эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого түрткү бере алат. Астанадагы жолугушууда Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү маселелерин да талкууланды. Аларга, аэропорттордо түрк мамлекеттеринин жарандары үчүн бирдиктүү паспорттук көзөмөл пункттарын түзүү жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө колдонулган системага окшош механизмди киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Күн тартибиндеги дагы бир багыт, түрк мамлекеттеринин ортосунда жарандарга өздүк күбөлүк менен жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү маселеси.
Мустафа Чифтчинин айтымында, мындай механизм учурда Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы, ошондой эле Түркия менен Азербайжандын ортосунда иштеп жатат. Түркия тарап ушундай системаны башка түрк мамлекеттерине да жайылтуу максатка ылайык деп эсептейт. Министр ошондой эле кийинки айда Анкара шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин саммити өтөрүн билдирди.
Анын айтымында, Астанадагы жыйын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын төрагалыгы алдында жогорку деңгээлде өтө турган алдыдагы талкууларга даярдык көрүүнүн маанилүү этаптарынын бири болду.
https://www.uzdaily.uz/ru/tiurkskie-strany-podderzhali-sozdanie-politseiskogo-obedineniia/


