16.09.2026
Түрк мамлекеттери үчүн жалпы өнүктүрүү банкын түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Мындай банк түрк мамлекеттеринин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ири аймактык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө шарт түзөт.
Бул тууралуу, Түркиянын Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасынын орун басары, Күршад Зорлу Бакуда өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы Улуттук аналитикалык борборлорунун II эл аралык конференциясына катышуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, Түрк инвестициялык фонду өз ишин улантып, буга чейин олуттуу бюджеттин түздү. Дүйнөлүк каржы системасында түрк дүйнөсүнүн позициясын бекемдөө үчүн кийинки кадам катары өзүнчө өнүктүрүү банкын түзүү сунушталууда.
Күршад Зорлу: “Түркияда биз буга байланыштуу жасалуучу иштерди даярдап койдук. Биз иштеп чыккан документ түрк мамлекеттеринин тилдерине которулуп, Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Башкы катчылыгына сунушталат”, — деп белгилеп өттү.
Ал белгилегендей, мындай каржы институту учурдагы ресурстарды пайдалануу менен гана чектелбестен, каржылоонун жаңы механизмдерин да түзө алат. Тактап айтканда, жаңы түзүлө турган банк бизнеске, Орто коридорду өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор үчүн насыя жана башка колдоо инструменттерин бере алат.
Күршад Зорлу жалпы түрк алфавитине байланыштуу маселеге да токтолду. Анын айтымында, Өзбекстан 34 тамгадан турган иштелип чыккан жалпы түрк алфавитине жакындашууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү процессин баштады.
Ал ошондой эле Түркия Орто коридорду транспорттук маршрут катары гана эмес, кеңири экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган платформа катары карап жатканын кошумчалап өттү.
https://vesti.az/ekonomika/turciya-podgotovila-proekt-obshhego-banka-razvitiya-dlya-stran-otg-615431


